# 27-берене. Улуттук борбордун алдын алуу боюнча Кичи комитет жана башка өлкөлөрдүн улуттук алдын алма механизмдери менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 27-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-27

---

1. Улуттук борбор алдын алуу боюнча Кичи комитет менен түздөн-түз байланыштарды колдойт, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу боюнча усулдарга жана стратегияларга тиешелүү маселелер боюнча маалымат алмашууну зарыл болгондо купуя жүзөгө ашырат.

2. Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУнун Конвенциясына карата Факультативдик протоколдо баяндалган мандатка ылайык, Алдын алуу боюнча Кичи комитет төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Улуттук борборго анын дараметин чыңдоо максаттарында кесиптик даярдоо жана техникалык жардам жаатында кызматтарды көрсөтүүгө;

2) Улуттук борборго кеңеш берүүгө жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоону күчөтүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл керектөөлөргө жана чараларга баа берүү ишинде жардам көрсөтүүгө;

3) кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу үчүн Улуттук борбордун мүмкүнчүлүктөрүн жана мандатын чыңдоо максаттарында сунуштамаларды жана сын-пикирлерди берүүгө.

3. Улуттук борбор кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу, тажрыйба алмашуу жана эң мыкты практикаларды жайылтуу боюнча күчтөрдү бириктирүү максатында башка өлкөлөрдүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелердин алуу боюнча улуттук органдар (улуттук алдын алма механизмдер) менен байланыштарды белгилейт жана колдойт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-28)
