27-берене. Улуттук борбордун алдын алуу боюнча Кичи комитет жана башка өлкөлөрдүн улуттук алдын алма механизмдери менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Улуттук борбор алдын алуу боюнча Кичи комитет менен түздөн-түз байланыштарды колдойт, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу боюнча усулдарга жана стратегияларга тиешелүү маселелер боюнча маалымат алмашууну зарыл болгондо купуя жүзөгө ашырат.
2. Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУнун Конвенциясына карата Факультативдик протоколдо баяндалган мандатка ылайык, Алдын алуу боюнча Кичи комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук борборго анын дараметин чыңдоо максаттарында кесиптик даярдоо жана техникалык жардам жаатында кызматтарды көрсөтүүгө;
2) Улуттук борборго кеңеш берүүгө жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоону күчөтүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл керектөөлөргө жана чараларга баа берүү ишинде жардам көрсөтүүгө;
3) кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу үчүн Улуттук борбордун мүмкүнчүлүктөрүн жана мандатын чыңдоо максаттарында сунуштамаларды жана сын-пикирлерди берүүгө.
3. Улуттук борбор кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу, тажрыйба алмашуу жана эң мыкты практикаларды жайылтуу боюнча күчтөрдү бириктирүү максатында башка өлкөлөрдүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелердин алуу боюнча улуттук органдар (улуттук алдын алма механизмдер) менен байланыштарды белгилейт жана колдойт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-27" title="27-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>