# 26-берене. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жана Улуттук борбордун кызматкерлеринин алдын алма барууларды жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 26-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-26

---

1. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында турган адамдардын саны жөнүндө, ошондой эле ушундай жайлардын саны жана алардын турган жери жөнүндө маалыматка жетимдүү болууга;

2) өздөрүнүн баруусу зарыл деп эсептеген жайды жана аңгемелешүү зарыл деп эсептеген адамдарды тоскоолдуксуз тандап алууга;

3) эркиндигинен ажыратуунун жана чектөөнүн ар кандай жайына, жана алардын курулмаларына жана объекттерине алдын ала кабарлоосуз кандай гана болбосун күндө жана сутканын кандай гана болбосун убагында тоскоолдуксуз кирүүгө;

4) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар менен көзмө-көз, ошондой эле алдын алма баруунун максаттарына жетүү үчүн зарыл маалыматтарды бере алган башка бардык адам менен зарыл болгондо котормочунун жардамы менен убактысы чектелбеген аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө;

5) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын администрациясынан эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын кайрылууларына, ошондой эле аларды камакта кармап туруунун шарттарына тиешелүү маалыматтарды, алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын кошуп алганда, жазаларды берүү жөнүндө администрациянын буйруктарын жана тескемелерин суратууга жана алууга, алардын көрсөтүлгөн жерлерде болушунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер менен таанышууга;

6) сүрөт-, аудио- жана видио тартууну жүргүзүүгө, эркинен ажыратылгандар жана эркиндиги чектелгендер кармалган жайдын администрациясынан алынган документтердин көчүрмөсүн алууга. Жазасын өтүп жаткандардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объекттерди сүрөткө жана видеого тартуу ошол жайдын администрациясынын уруксаты менен, ошондой эле фото- жана видео-камера тартканы жаткан адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт.

2. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоого;

2) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын ички тартипти камсыз кылышкан кызматкерлеринин, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын кадыр-баркын басмырлаган аракеттерге жол бербөөгө;

3) зомбулукка дуушар болгон адамдарга зарыл учурда тез медициналык жардам көрсөтүүгө жана медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнү талап кылууга, алардын макулдугу менен аны жүргүзүүдө ага катышууга, ошондой эле тиешелүү билдирүүлөрдү жасоого;

4) иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн билдирүүнү кийин прокуратура органдарына жиберүү үчүн эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуунун белгиленген фактысы жөнүндө Улуттук борбордун директорун токтоосуз маалымдоого.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-27)
