# 24-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 24-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-24

---

1. Улуттук борбор тигил же бул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына баруулардын мезгилдүүлүгүн Улуттук борбордун иштөөсү үчүн берилген каржы ресурстарына жараша өз алдынча аныктайт.

2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын тизмесине жана Улуттук борбор тарабынан жыл сайын иштелип чыккан жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген баруулардын программасына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Орто аралыкта алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын санын, географиялык жайгашуусун, тибин жана толуктугун эске алуу менен Улуттук борбордун директору, аймактык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери (өкүлдөрү) тарабынан аныкталат. Кандай гана болбосун эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта баруулардын эң төмөнкү жыштыгы мурдагы баруулардын натыйжаларына, ушул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайында кыйноолордон жана катаал мамилелерден эркиндикке укуктарын сактоо кырдаалына карата маалыматтардын өкмөттүк эмес булактарынын болушуна же жоктугуна жараша болот.

4. Кандай учурда болбосун ар бир эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайы 2 жылда бир жолудан кем эмес ар тараптуу текшерүү жүргүзүү менен барууга туш болууга тийиш, ал эми орто аралыкта алдын алма баруу баруулардын бардык типтери үчүн пайдаланылган жалпы убакыттын жарымынан кем эмесин түзүүсү тийиш.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-25)
