# 22-берене. Алдын алма барууга жаткан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайлары

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 22-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-22

---

1. Улуттук борбор тарабынан жүзөгө ашырылуучу алдын алма баруулардын программасы Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган бардык эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын камтыйт.

2. Улуттук борборго эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын саны, алардын жайгашкан жери жөнүндө жана аларда кармалган адамдардын саны жөнүндө кандай болбосун маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берилет.

3. Улуттук борбор тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, областтар жана Бишкек жана Ош шаарлары боюнча эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын тизмесин түзөт жана мезгил-мезгили менен жаңылап турат.

4. Улуттук борбор алдын алма баруу үчүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын өз алдынча тандайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-23)
