# 21-берене. Улуттук борбордун ишин каржылоо

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 21-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-21

---

1. Улуттук борбордун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Жыл сайын республикалык бюджетте Улуттук борбордун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттар каралат. Улуттук борбор бюджетинин долбоорун түзөт жана макулдашуу үчүн аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет. Пикир келишпөөчүлүктөр болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук борбордун сунушун Жогорку Кеңешке жиберилүүсү тиешелүү болгон республикалык бюджеттин долбооруна өзгөртүүсүз киргизет жана ага өз корутундусун тиркейт.

3. Улуттук борбор каражаттарды чыгымдар сметасынын чектеринде өз алдынча тескейт.

4. Каржылык отчет мыйзамда белгиленген тартипте Улуттук борбордун директору тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-22)
