# 20-берене. Улуттук борбордун ишинде маалыматтарды пайдалануу

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 20-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-20

---

1. Алдын алма барууларга катышуу үчүн тартылган Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери, эксперттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жана токтоткондон кийин, жайылтылышы эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын ишинин, аларда кармалган адамдардын жана иштеген кызматчылардын коопсуздугуна коркунуч түзгөн маалыматтарды, ошондой эле алардын ишинин натыйжасында белгилүү болуп калган жеке турмуш жөнүндө маалыматтарды, ал маалыматтар тиешелүү болгон адамдын макулдугу болбосо, таратууга укуксуз.

2. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жана Улуттук борбордун кызматкерлерине ал чынбы же жалганбы маалыматтарды бергени үчүн, эч ким жоопкерчиликке тартылышы же башкача таасир этүүгө дуушар болушу мүмкүн эмес, ошондой эле өзүнүн укуктарына жана эркиндиктерине башка мүнөздө шек келтирилиши тийиш эмес, жана ушундай бир да адамдын же уюмдун укуктарына жана эркиндиктерине кандайдыр-бир мүнөздө шек кетирилиши мүмкүн эмес.

3. Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганына байланыштуу сунуштар, арыздар же даттануулар менен кайрылганы үчүн аларды кандай болбосун формада куугунтуктоого жол берилбейт.

4. Улуттук борбор жеке маалыматтардан алынган жалпы маалыматтарды жарыялоого, жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды жашыруун пайдаланган башка бардык маселелерге тиешелүү маалыматтарды жарыялоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-21)
