# 19-берене. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин иммунитети

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 19-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-19

---

1. Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, Координациялык кеңештин макулдугу менен сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

2. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Координациялык кеңешке иштин жагдайы жана жосундун квалификациясы көрсөтүлгөн сунуштама киргизет, анда.

3. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн Координациялык кеңештин кеминде 9 мүчөсү добуш берсе, сунуштама киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

4. Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери кылмыш жасоо ордунда кармалган учурлардан тышкары, өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жана ага байланыштуу Координациялык кеңештин макулдугусуз кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө жана жеке текшерүүгө кириптер кылынышы мүмкүн эмес.

Администрациялык кармоого алынган же кылмыш жасаганына шектенүү боюнча кармалган Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга жатат.

5. Алар өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, Улуттук борбордун кызматкеринин жеке жүгүнө, документтерине жана корреспонденциясына камак салууга, ошондой эле текшерүүгө жана жүгүн, документтерин жана корреспонденцияларын алып коюуга жол берилбейт.

6. Координациялык кеңештин мүчөсү болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) иммунитетинин маселелери тиешелүү мыйзамдарда жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-20)
