# 16-берене. Координациялык кеңештин сунуштамалары

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 16-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-16

---

1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын тажрыйбасын жалпылоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу максаттарында сунуштамаларды иштеп чыгат.

2. Координациялык кеңештин сунуштамалары тийиштүү аракеттерди көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына, кызмат адамдарына жиберилет.

3. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары сунуштамаларды алган күндөн тартып бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар тууралуу Координациялык кеңешке маалымат берүүгө милдеттүү.

Улуттук борбор тарабынан кыйноолорду жана катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуу боюнча фактылар ашкереленген учурларда, мамлекеттик органдар ушул аракеттерге өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө жана бир сутканын ичинде ушундай укук ченемсиз аракеттерге жол берген кызматчыга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-17)
