16-берене. Координациялык кеңештин сунуштамалары
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын тажрыйбасын жалпылоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу максаттарында сунуштамаларды иштеп чыгат.
2. Координациялык кеңештин сунуштамалары тийиштүү аракеттерди көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына, кызмат адамдарына жиберилет.
3. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары сунуштамаларды алган күндөн тартып бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар тууралуу Координациялык кеңешке маалымат берүүгө милдеттүү.
Улуттук борбор тарабынан кыйноолорду жана катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуу боюнча фактылар ашкереленген учурларда, мамлекеттик органдар ушул аракеттерге өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө жана бир сутканын ичинде ушундай укук ченемсиз аракеттерге жол берген кызматчыга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-16" title="16-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>