# 15-берене. Улуттук борбордун баяндамалары

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 15-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-15

---

1. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн өткөн жылдагы иши жөнүндө баяндама берет.

2. Ар жылдык баяндама жалпы баа берүүнү, кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтуусу тийиш. Анда Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүсү тийиш.

3. Ар жылдык баяндамага Улуттук борбордун өткөн жыл үчүн финансылык отчету тиркелет.

4. Зарыл болгондо Улуттук борбор Жогорку Кеңешке эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардагы ашкереленген адам укуктарын одоно бузуулар жана дароо чечүүнү талап кылган фактылар боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) бере алат.

5. Улуттук борбордун ар жылдык жана атайы баяндамалары, финансылык отчеттору алар Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында жарыяланууга жана таркатылууга жатат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-16)
