# 14-берене. Улуттук борбордун директору

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 14-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-14

---

1. Улуттук борборду Улуттук борбордун директору жетектейт.

2. Улуттук борбордун директору сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам Улуттук борбордун директору болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат.

3. Жашы 25 жаштан кем эмес, жогорку билими бар, жетекчи кызматтарда иштеген тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук борбордун директору боло алат. Улуттук борбордун директору кызмат ордуна талапкерди тандоодо адам укуктарын коргоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыктуу болуп саналат.

4. Улуттук борбордун директору:

1) Улуттук борбордун ишин уюштурат;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Улуттук борбордун өкүлү болот;

3) Координациялык кеңештин жыйналыштарында каралууга жаткан маселелерди киргизет;

4) Координациялык кеңештин жыйналыштарына катышат жана анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

5) Улуттук борбордун ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;

6) Координациялык кеңештин бекитүүсүнө Улуттук борбордун түзүмүн жана штаттык санын сунуштайт;

7) Координациялык кеңештин сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун кызматкерлерин дайындайт, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;

8) Жогорку Кеңешке Улуттук борбордун өткөн жылдагы иши жөнүндө баяндама жана финансылык отчет берет;

9) ушул Мыйзамда ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Улуттук борбордун директору Координациялык кеңешке анын компетенциясынын чектеринде отчет берет.

6. Улуттук борбордун директору болбогон мезгилдерде директордун милдеттерин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт. Улуттук борбордун директорунун орун басарын шайлоо жол-жобосу директорду шайлоо эрежелери боюнча өтөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-15)
