# 12-берене. Координациялык кеңештин биринчи жана андан кийинки жыйналыштары

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 12-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-12

---

1. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы ал түзүлгөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы Координациялык кеңештин жашы улуу мүчөсүнүн төрагалыгы алдында өтөт.

2. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышында анын ишинин Регламенти бекитилет, Координациялык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланат.

3. Эгерде ага анын курамынын кеминде 7 мүчөсү катышса, Координациялык кеңештин жыйналышы укук ченемдүү болуп саналат. Эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, Координациялык кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Координациялык кеңештин жыйналышы төраганын демилгеси боюнча айына бир жолу өткөрүлөт, ал жыйналышты өткөрүүнүн күнүн, убактысын жана ордун белгилейт. Координациялык кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер Улуттук борбор тарабынан даярдалат.

5. Кезексиз жыйналыштар Координациялык кеңештин төрагасынын, Улуттук борбордун директорунун же Координациялык кеңештин 7 мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.

6. Биринчи курамдын биринчи жыйналышын кошпогондо, Улуттук борбордун директору Координациялык кеңештин баардык жыйналыштарына милдеттүү тартипте катышат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-13)
