# 11-берене. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 11-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-11

---

1. Координациялык кеңеш:

1) Улуттук борбордун ишинин жалпы стратегиясын жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;

2) күчөтүү, зарыл болгондо аларды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоо максаттарында эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда кармалган адамдарга мамиле кылуу тууралуу маселени үзгүлтүксүз карайт;

3) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын Улуттук борбор тарабынан иштелип чыккан методологиясын жана ар жылдык программасын бекитет;

4) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга мамиле жасоону жана аларды кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында, тиешелүү мамлекеттик органдарга, кызмат адамдарына сунуштамаларды жана кайрылууларды иштеп чыгат жана берет;

5) өзүнүн кайрылууларына жана сунуштамаларына ылайык кабыл алынган чаралар жөнүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерин өз жыйналыштарында угат;

6) Координациялык кеңештин регламентин, Улуттук борбор жөнүндө Жобону иштеп чыгат жана бекитет, аларга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет;

7) сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Улуттук борбордун директорун жана анын орун басарын шайлайт, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;

8) Улуттук борбордун кызматкерлеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоону жүргүзөт, дайындоо үчүн талапкерди Улуттук борбордун директоруна сунуштайт;

9) коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерлерин сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;

10) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо, аларды кармоо тартибинин жана шарттарынын маселелерине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун, башка ченемдик укуктук актылардын коомдук экспертизасын жүзөгө ашырат;

11) Улуттук борбордун бюджетинин долбоорун жактырат;

12) Улуттук борбордун директорунун сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун түзүмүн жана штаттык санын бекитет;

13) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун директору үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет;

14) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун кызматкерлери үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет. Улуттук борбордун кызматкерлеринин сыйакы өлчөмү Улуттук борбордун директорунун сыйакысынын 80 пайызынан кем болуусу мүмкүн эмес.

2. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүгө;

2) Улуттук борбордун ишинин финансылык отчеттуулугунун аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитти тартууга.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-12)
