# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 1-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жаза (мындан ары - катаал мамиле) - адамды инсан катары басмырлаган же анда адамдын адеп-ахлактык же кара күчтүк каршы туруусун майтарышы мүмкүн болгон коркуу, өзүн кемтик сезүү туюмун пайда кылган, ал ошондой эле убакта жетиштүү дене-бойлук же адеп-ахлактык күчтүү жабыр тартуусун пайда кылуусу мүмкүн болгон мамиле жана жаза; эркиндигинен ажыратуучу жайлар - администрациялык кармоого же камакка алууга кириптер кылынган адамды, кылмыш жасоого шек саналып кармалганды, кылмыш жасоого айыпталганына байланыштуу камакка алынганды, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жатканды кармоо үчүн эсептелген жайлар, анын ичинде: убактылуу кармоочу камералар, убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору; жатак абактар, түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр; ички иштер органдарынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайлары; гүппактар; администрациялык кармоого кириптер кылынган адамдарды кармоо үчүн чек ара кызматы органдарынын жайлары; республиканын ичинде айдалган адамдарды же баш калка издегендерди кабыл алуу жана убактылуу жайлаштыруу түйүндөрү; эркиндигин чектөөчү жайлар - өзүнүн мүнөздөмөсү боюнча эркиндигинен ажыратуучу жайлар катары жиктелбеген, адамдар мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) тескемеси боюнча туруучу же болбосо анын уруксаты менен туруучу, аны өз эркинче таштап кете албаган кандай гана болбосун жайлар, анын ичинде: укук коргоо органдары жайгашкан жерлер жана объекттер; жашы жетелектерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлору; ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү; психоневрологиялык мекемелер; психикалык оорулар, аракечтик, баңгилик жана токсикомания менен ооругандарды мажбурлап дарылоо үчүн адистештирилген мекемелер; кары-картаңдар, жашы жетелектер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес медико-социалдык мекемелер (кары-картаңдар үчүн үйлөр, балдар үйлөрү ж.б.); тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мекемелер; улуттук алдын алма механизми - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын - Улуттук борбордун иши аркылуу иштеген эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын башка түрлөрүнүн алдын алуу тутуму; эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо жана кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында, Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан алдын ала кабарландыруусуз үзгүлтүксүз негизде кайсы убакта болбосун жүзөгө ашырылуучу эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына тоскоолдуксуз баруулары; кыйноо - андан же башка адамдан маалымат же моюнга алууну алуу максатында жасалган кандайдыр бир адамды дене-бойлук же психикалык азаптарга атайлап кириптер кылуу, ал же башка адам жасаган же аны жасады деп шек саналган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген ар кандай себептер боюнча мындай жосун кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу же уруксаты боюнча же кандай болбосун башка адам тарабынан анын унчукпаган макулдугу менен жасалган аны же башка адамды коркутуу же белгилүү бир аракеттерди жасоого мажбурлоо.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-2)
