# 99-берене. Зомбулукка кабылган балдарды табуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 99-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-99

---

1. Балдарды тарбиялоо боюнча функциялар жүктөлгөн ата-энелер, аларды алмаштырган адамдар, органдар жана билим берүү мекемелери, алардын кызматчылары, медициналык жана башка мекемелердин кызматчылары балада зомбулук көрсөтүүнүн белгилери болгон (байкалган) учурда тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн бул жөнүндө укук коргоо органдарына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнө билдирүүгө милдеттүү.

2. Зомбулук келтирүүнүн фактыларын жаап-жашырган адамдар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-100)
