# 95-берене. Жашы жетпегенге карата таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 95-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-95

---

1. Оор эмес, анча оор эмес кылмыш жасаган 18 жашка чейинки курактагы адамдарга таасир көрсөтүүнүн төмөнкүдөй альтернативдүү чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) жабыр тарткандан кечирим суроо;

2) жашы жетпеген тарабынан келтирилген материалдык зыяндын акчалай сыяктуу эле, суммасын иштеп берип ордун толтуруу;

3) коомдук иштерди аткаруу;

4) кайрымдуулук төгүмүн төлөө;

5) адистешкен дарылоо мекемесине текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүү;

6) балдар жана жеткинчектер үчүн атайын окуу-тарбиялоо мекемесине жөнөтүү жана жайгаштыруу.

2. Таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

3. Жашы жетпегенге карата бир эле мезгилде жогоруда көрсөтүлгөн чаралардын бир нече түрлөрү колдонулушу мүмкүн.

4. Жашы жетпеген тарабынан таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чаралары аткарылбаган учурда, прокурор балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунуштоосу боюнча жазык ишин жалпы тартипте кароону жаңыртуу үчүн иштин материалдарын сотко киргизет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-96)
