# 94-берене. Жазык жоопкерчилиги курагына жете элек жашы жетпеген укук бузуучуну коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 94-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-94

---

1. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жетпеген тарабынан жазык укук бузуу жасоонун фактысы аныкталганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:

1) ушул жосунду жасоого өбөлгө түзгөн себептерин жана шарттарын;

2) жасалган жосундун социалдык кооптуулугунун деңгээлин;

3) жашы жетпегенди тарбиялоонун шартын;

4) жашы жетпеген тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кайталап жазык укук бузуу тобокелдигинин болушун.

2. Ички иштер органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте жазыктык укук бузган жашы жетпегенди көзөмөлдөө боюнча чараларды кабыл алат, мындай учурда ал төмөнкүдөй аныкталган милдеттерди сактоонун шартында өз үй-бүлөсүндө калат:

1) мектепке дайыма баруу;

2) медициналык кароодон өтүү;

3) аныкталган жерлерде болууга же айрым адамдар менен байланышууга тыюу салуу.

Жашы жетпегендердин көрсөтүлгөн милдеттеринин тизмеги толук болуп саналбайт. Эгерде жашы жетпеген үй-бүлөдө жашай албаган же болбосо ал көзөмөл алкагында белгиленген милдеттерди аткарбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жашы жетпегенге таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

3. Эгерде жазык жоопкерчилигине тартуу курагына чыкпаган, жашы жетпеген, социалдык кооптуулуктун жогорку деңгээлиндеги жосунду жасаган, ошондой эле эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чаралар колдонулган жашы жетпеген кайталап укук бузган учурда, анда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы атайын окуу-тарбиялоо мекемесине аныктоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко материалдарды жиберет.

4. Жашы жетпегендин жеке маалыматтарын кошуп алганда, жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпеген тарабынан жасалган укук бузууга байланыштуу кандай болбосун маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

5. Жазык укук бузууну жасаган, бирок жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпегенге карата колдонулуучу чаралардын бардык мөөнөтүнүн ичинде ага коомго социалдык реинтеграциялоо процессинде көмөк көрсөтүүгө багытталган кызмат көрсөтүүлөр берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-95)
