94-берене. Жазык жоопкерчилиги курагына жете элек жашы жетпеген укук бузуучуну коргоо
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 11-глава
1. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жетпеген тарабынан жазык укук бузуу жасоонун фактысы аныкталганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:
1) ушул жосунду жасоого өбөлгө түзгөн себептерин жана шарттарын;
2) жасалган жосундун социалдык кооптуулугунун деңгээлин;
3) жашы жетпегенди тарбиялоонун шартын;
4) жашы жетпеген тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кайталап жазык укук бузуу тобокелдигинин болушун.
2. Ички иштер органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте жазыктык укук бузган жашы жетпегенди көзөмөлдөө боюнча чараларды кабыл алат, мындай учурда ал төмөнкүдөй аныкталган милдеттерди сактоонун шартында өз үй-бүлөсүндө калат:
1) мектепке дайыма баруу;
2) медициналык кароодон өтүү;
3) аныкталган жерлерде болууга же айрым адамдар менен байланышууга тыюу салуу.
Жашы жетпегендердин көрсөтүлгөн милдеттеринин тизмеги толук болуп саналбайт. Эгерде жашы жетпеген үй-бүлөдө жашай албаган же болбосо ал көзөмөл алкагында белгиленген милдеттерди аткарбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жашы жетпегенге таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
3. Эгерде жазык жоопкерчилигине тартуу курагына чыкпаган, жашы жетпеген, социалдык кооптуулуктун жогорку деңгээлиндеги жосунду жасаган, ошондой эле эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чаралар колдонулган жашы жетпеген кайталап укук бузган учурда, анда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы атайын окуу-тарбиялоо мекемесине аныктоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко материалдарды жиберет.
4. Жашы жетпегендин жеке маалыматтарын кошуп алганда, жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпеген тарабынан жасалган укук бузууга байланыштуу кандай болбосун маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
5. Жазык укук бузууну жасаган, бирок жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпегенге карата колдонулуучу чаралардын бардык мөөнөтүнүн ичинде ага коомго социалдык реинтеграциялоо процессинде көмөк көрсөтүүгө багытталган кызмат көрсөтүүлөр берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>