# 92-берене. Ювеналдык юстициянын тутумунда кадрларды даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 92-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-92

---

1. Ювеналдык юстиция тутумун кадрдык камсыз кылуу билим берүүнүн мамлекеттик тутумунда, ошондой эле мамлекеттик аккредитациясы бар мамлекеттик эмес окуу жайларында зарыл адистерди даярдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Иштери ювеналдык юстиция тутуму менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери аларды кызмат орундарына дайындоодо, ошондой эле аттестациядан жана кайра аттестациялоодон өтүүдө эске алына турган ювеналдык юстиция жаатында зарыл атайын же кесиптик даярдыктарынын болушу милдеттүү. Зарыл даярдыгы болбогон же болбосо ювеналдык юстиция боюнча иш менен байланышкан кызматтар боюнча аттестациялоодон жана кайра аттестациялоодон (өтпөгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери тиешелүү билимди, квалификацияны жана иш жүзүндөгү тажрыйбаны талап кылган иштерди аткарууга киргизилбейт.

2. Окутуунун багытына ылайык мамлекеттик аттестациялоодон (аккредитациялоодон) өтүшкөн орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ювеналдык юстиция маселелерин тиешелүү окуу сабактарына киргизе алышат.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-93)
