92-берене. Ювеналдык юстициянын тутумунда кадрларды даярдоо
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 11-глава
1. Ювеналдык юстиция тутумун кадрдык камсыз кылуу билим берүүнүн мамлекеттик тутумунда, ошондой эле мамлекеттик аккредитациясы бар мамлекеттик эмес окуу жайларында зарыл адистерди даярдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Иштери ювеналдык юстиция тутуму менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери аларды кызмат орундарына дайындоодо, ошондой эле аттестациядан жана кайра аттестациялоодон өтүүдө эске алына турган ювеналдык юстиция жаатында зарыл атайын же кесиптик даярдыктарынын болушу милдеттүү. Зарыл даярдыгы болбогон же болбосо ювеналдык юстиция боюнча иш менен байланышкан кызматтар боюнча аттестациялоодон жана кайра аттестациялоодон (өтпөгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери тиешелүү билимди, квалификацияны жана иш жүзүндөгү тажрыйбаны талап кылган иштерди аткарууга киргизилбейт.
2. Окутуунун багытына ылайык мамлекеттик аттестациялоодон (аккредитациялоодон) өтүшкөн орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ювеналдык юстиция маселелерин тиешелүү окуу сабактарына киргизе алышат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
92-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-92" title="92-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>