# 91-берене. Ювеналдык юстиция тутумун материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 91-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-91

---

1. Ювеналдык юстиция тутумуна кирген мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ювеналдык юстиция тутумуна кирген органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ювеналдык юстиция органдарын жана уюмдарын уюштуруучулук, каржылык жана маалыматтык ресурстар, ошондой эле тиешелүү усулдук база менен камсыз кылат.

4. Ювеналдык юстиция тутумунун ишинде бюджеттен тышкаркы каржылоо каражаттарын тартуу үчүн социалдык тапшырыктын, мамлекеттик гранттар менен эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын гранттары пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-92)
