# 88-берене. Ювеналдык юстиция тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700#diff=1208808..1208809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 88-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-88

---

1. Ювеналдык юстиция тутуму төмөнкү органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнөн турат:

1) ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин;

2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын;

3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин);

4) прокуратура органынын;

5) жашы жетпегендердин иштери боюнча адистештирилген соттун;

6) ички иштер органдарынын;

7) адвокаттык мекемелердин;

8) саламаттык сактоо органынын;

9) билим берүү органынын;

10) социалдык камсыздандыруунун мамлекеттик органынын;

11) жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумдун ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдын;

12) эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;

12-1) пробация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын;

14) мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендер үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес борборлордун.

2. Мыйзам менен чатагы бар балдар менен иштөөчү бардык кызматкерлер ювеналдык юстиция жаатындагы маселелер боюнча атайын даярдыктан өтүүгө тийиш.

(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-89)
