# 87-берене. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жабырлануучу же күбө болуп саналган балдардын укуктарынын жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 87-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-87

---

мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктери

1. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жазык иши боюнча жабырлануучу же күбө болуп саналган ар бир балага анын купуялыктын шарттарын жана анын адамдык беделин кандайдыр бир түрдө кемсинтүүнү болтурбаган ага карата сыйлап мамиле жасоону кошуп алганда, ага укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын ишке ашырылышына кепилдик берилет.

2. Мыйзам менен чатагы бар балага карата балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгылат.

3. Бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны тандап алуу балдарга карата акыркы чара катары гана колдонулат.

4. Укук бузуу жасаган балага карата жазык-процесстик мыйзамдар менен каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чаралар мыйзам менен чатагы бар баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планынын негизинде кабыл алынууга тийиш.

Көрсөтүлгөн план адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Эгерде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чараларды колдонуунун жүрүшүндө бала оңолгондугу жана коомдук коркунучтуулугунан арылгандыгы белгиленсе, ага карата жазык же администрациялык өндүрүш жазык-процесстик мыйзамдар менен белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-88)
