87-берене. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жабырлануучу же күбө болуп саналган балдардын укуктарынын жана
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 11-глава
мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктери
1. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жазык иши боюнча жабырлануучу же күбө болуп саналган ар бир балага анын купуялыктын шарттарын жана анын адамдык беделин кандайдыр бир түрдө кемсинтүүнү болтурбаган ага карата сыйлап мамиле жасоону кошуп алганда, ага укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын ишке ашырылышына кепилдик берилет.
2. Мыйзам менен чатагы бар балага карата балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгылат.
3. Бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны тандап алуу балдарга карата акыркы чара катары гана колдонулат.
4. Укук бузуу жасаган балага карата жазык-процесстик мыйзамдар менен каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чаралар мыйзам менен чатагы бар баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планынын негизинде кабыл алынууга тийиш.
Көрсөтүлгөн план адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Эгерде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чараларды колдонуунун жүрүшүндө бала оңолгондугу жана коомдук коркунучтуулугунан арылгандыгы белгиленсе, ага карата жазык же администрациялык өндүрүш жазык-процесстик мыйзамдар менен белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
87-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-87" title="87-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>