85-берене. Багуучу ата-эненин талапкерлигинин статусун алуунун тартиби
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 10-глава
1. Баланы (балдарды) тарбиялоого алынуу каалаган жарандар (мындан ары - билдирүүчүлөр) багуучу ата-эне мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жөнүндө корутунду алуу үчүн өзү жөнүндө маалыматты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет; багуучу ата-эненин талапкери катары аларды балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү жүргүзүлөт.
2. Багуучу ата-эне болууну каалаган жарандан ал арыз келип түшкөн учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери аны менен аңгемелешүү өткөрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бардык чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен аңгемелешүү жүргүзүү максатында билдирүүчүнүн (билдирүүчүлөрдүн) үйүнө үч жолудан кем эмес барып көрүүнү уюштурат, баланы (балдарды) тарбиялоого алуунун жүйөсүн жана ошол ниеттин себебин аныктайт. Билдирүүчүнүн (билдирүүчүлөрдүн) үй-бүлөсүнө мындай барып көрүүнүн бирден кем эмес жолкусу билдирүүчүгө кабарлоосуз, пландаштырылбоого тийиш, андан кийин күбөлөрдүн катышуусунда акты түзүлөт.
Билдирүүчүгө ар бир барган учуру жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери отчет даярдоого тийиш.
3. Билдирүүчүлөр багуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуу курсунан өтүүгө тийиш. Окуу курсу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган же келишимдик негизде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тартылган көз карандысыз адистер, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.
4. Мыйзамдарда аныкталган арыздардын жана документтердин, билдирүүчүнүн турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын негизинде, ошондой эле окуудан өткөндүгүнүн натыйжаларын эске алуу менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган багуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну даярдайт.
Багуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду арыз түшкөн учурдан тартып 30 күндөн кеч эмес даярдалууга тийиш. Корутунду даярдалган учурдан баштап 3 күндүк мөөнөттүн ичинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери билдирүүчүгө жазуу жүзүндөгү жоопту жиберет.
5. Багуучу ата-эне (ата-энелер) болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду багуучу ата-эненин талапкеринин статусун алуу жана аны багуучу үй-бүлөгө берүү максатында баланы (балдарды) тандоо үчүн негиз болуп саналат.
Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: бир эле учурда билдирүүчүнүн үй-бүлөсүнө тарбиялоого берүүгө мүмкүн болгон балдардын саны; билдирүүчүнүн үй-бүлөсүндө тарбиялоого баланы (балдарды) жайлаштыруунун мөөнөтү; берилип жаткан баланын (балдардын) курагы, анын ден соолугунун жана өнүгүүсүнүн абалы; психологиялык, соматикалык жана дене-бой проблемалары бар баланын (балдардын) керектөөсүн канааттандыруу боюнча билдирүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аталган корутундусу корутунду чыгарылган учурдан тартып бир жылдын аралыгында жарактуу болот.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-85" title="85-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>