80-берене. Багуучу үй-бүлөнү түзүү
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 10-глава
1. Багуучу үй-бүлө жарандардын (жубайлардын же айрым адамдын) каалоосу боюнча түзүлөт. Алар жетим балдарды жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарды, анын ичинде келишимдин негизинде тарбиялануучу мекемелерде, дарылануучу мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же ошолорго окшош башка мекемелердеги балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо жана чогуу жашап туруу үчүн өз ыктыяры менен алышат.
2. Багуучу үй-бүлөдө балдарды жайгаштыруу багуучу ата-энелердин жана Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мураскорлук жана башка балдардын ортосунда укуктук мамилелердин пайда болушун алып келбейт.
Багуучу үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген бала ага тиешелүү алиментке, пенсияга, жөлөкпулга жана социалдык төлөмдөргө укугун, ошондой эле турак-жай менчигине укугун же турак-жайды пайдалануу укугун сактап калат; турак-жайы жок болгондо турак-жай мыйзамдарына ылайык ага турак-жай берүү укугуна ээ болот. Багуучу үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген бала Кыргыз Республикасынын Үйбүлө Кодексинин 60-62-статьяларында каралган укуктарга да ээ.
3. Кабыл алган ата-эне төмөнкүлөрдү кошпогондо, ата-эненин укуктарына жана милдеттерине ээ болот;
1) жашы жетпегендин мүлктүк укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктар (жашы жетпегенди учурда багууга тийиш болгон акча каражаттарынын тескөө укугун кошпогондо);
2) ата-энелерин ата-энелик укуктан ажыратуу (чектөө) жөнүндө ишти сот караган учурда сотто баланын таламдарын көздөө боюнча ыйгарым укуктар;
3) Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерге баланын чыгуусу жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ыйгарым укуктар.
4. Баланы багуучу үй-бүлөгө аныктаганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, барынан мурда, баланын таламдарын жетекчиликке алат. 10 жашка чыккан бала үй-бүлөгө анын макулдугу менен гана жөнөтүлөт.
5. Багуучу үй-бүлөгө жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар, башкача айтканда төмөндөгү балдар жөнөтүлөт:
1) ата-энелери ата-энелик укуктан ажырагандар;
2) ата-энелери белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же белгисиз жок деп таанылгандар;
3) ата-энелери соттолгондор;
4) алардын жашап турушуна, психикасына жана дене-бой саламаттыгына коркунуч келгенде үй-бүлөдөн шашылыш алынгандар (дене-бой, сексуалдык жана психикалык күч колдонууга тушуккандар);
5) ата-энелери ден соолугунун абалына байланыштуу өздөрү аларды тарбиялоону жана багууну ишке ашыра албагандар, ошондой эле ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган, тарбиялануучу, дарылоо-профилактикалык мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же менчигинин формасына карабастан башка ушуга окшош мекемелерде турган балдар;
6) 18 жашка чыга элек, апасы менен чогуу турган 3 жаш курактагылар.
Багуучу үй-бүлөнүн каалоосу боюнча аларга ден соолугу начарлаган, оорукчан балдар, акыл ою жана дене түзүлүшү жагынан өнүгүүсүндө кемчилиги бар балдар тарбияланууга берилиши мүмкүн.
6. Багуучу үй-бүлөгө балдарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
80-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-80" title="80-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>