# 79-берене. Өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү бошотуу жана четтетүү, камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 79-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-79

---

1. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү, өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү сот тарабынан, ал эми убактылуу дайындалган камкорчуну же көзөмөлчүнү өз милдетин аткаруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Граждандык кодекстин 74-статьясында каралган учурларда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

Камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн бошотуу жана четтетүү жөнүндө иш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен каралат.

2. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү токтотуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 75-статьясында каралган учурларда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-80)
