77-берене. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2018 года № 33
1. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруунун тартиби:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин камкорчулугусуз калган жашы жетпегендердин мүлкүн тизмектеп чыгууга милдеттүү. Мүлктү тизмектеп чыгуу үч нускада, сот, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ал дайындалганда камкорчу же көзөмөлчү үчүн бирден түзүлөт;
2) камкорчу камкорчулукка алынгандын атынан жана алардын таламдарында камкорчулукка алынгандын мүлкүн жама баалуулуктарын башкарат. Камкорчулукка таандык акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды ээликтен ажыратышат, башкарышат жана тескешет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын атынан жана алардын таламдарында бардык бүтүмдөрдү жасашат;
3) камкорчулар 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жетпегендердин үстүнөн жашы жетпегендер мыйзам боюнча өз алдынча жасоого укуксуз бүтүмдөрдү камкорчулукка алынгандар тарабынан жасалышына макулдук беришет.
2. Камкорчу же көзөмөлчү төмөнкүлөргө укуксуз:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксатысыз турмуш-тиричилик бүтүмдөрүнүн чегинен чыккан бүтүмдөрдү көзөмөлчүлүккө алуучунун атынан жасоого, ал эми камкорчу макулдук берүүгө;
2) камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынгандар менен бүтүмдөрдү жасоого;
3) бүтүмдөрдү жасоодо же камкорчулукка алынган жана камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайынын ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө аларда камкорчулук жама көзөмөлчүлүк алдында турган адамдардын атынан чыгууга;
4) камкорчулукка алынгандын атынам белекке берүү келишимдерин жасоого.
3. Камкорчулукка алынгандын каражаттарын бөлүштүрүү:
1) камкорчулукка алынган тарабынан пенсиялар, жөлөкпулдар, алименттер катары алынган суммалар жана башка учурдагы түшүүлөр камкорчунун же көзөмөлчүнүн карамагына келип түшөт жана алар тарабынан камкорчулукка алынганды багууга жумшалат;
2) 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жетпегендер өзүлөрүнүн автордук жана ойлоп табуучулук укуктарынын жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган эмгек акыларды, стипендияларды, сыйлыктарды өз алдынча тескейт;
3) камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкарууга, камкорчулукка алынгандар үчүн алынган бардык каражаттарды эсепке алууга, ошондой эле мүлктү башкаруу жана сактоо менен байланышкан башка аракеттерди жасоого милдеттүү.
4. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу жана сактоо боюнча өткөн жыл үчүн жазуу жүзүндө отчетту 15-февралдан кечиктирбестен, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жыл сайын берет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн көрсөтүлгөн отчетту жылдык мөөнөт аяктагандан мурда да талап кыла алат. Отчеттор маңызына карата текшерилет жана бекитилет, отчетко кирбеген фактылар же болбосо тактыгы күмөн туудурган фактылар табылган учурда, камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн түшүндүрмөлөрдү жана ырастоочу документтерди берүү суралат. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчудан же көзөмөлчүдөн ага жүктөлгөн милдеттерди ак ниет эмес же шалаакылык менен аткаруудан камкорчулукка алынганга келтирилген мүлктүк зыяндын ордуна толтурууну талап кылууга милдеттүү. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк токтотулган, ошондой эле камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошоткон жана четтеткен учурда, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр өз иштери жөнүндө отчет беришет, ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми камкорчулукка алынгандардын болгон мүлкү өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлөт. 4-1. Ушул Кодекстин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жашы жетпегендер көзөмөлгө алынган мекемелердин жетекчилери менчигинин формасына карабастан мекемелердин пайдасына пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү түшүрүү максатында камкордукка алынгандар үчүн 18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебин ачат.
5. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан ушул берененин нормаларынын бузулушу сот тарабынан бул милдеттерди аткаруудан аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат.
(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-77" title="77-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>