# 72-берене. Баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 72-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-72

---

1. Баланын камкорчусу (көзөмөлчүсү) укукка ээ жана камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган баланы тарбиялоого, анын ден соолугу, дене-боюлук, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүшү жөнүндө камкордук көрүүгө милдеттүү.

Камкорчу (көзөмөлчү) баланын пикирин жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунуштамаларын эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үйбүлө Кодексинин 70-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган талаптарды сактоо менен камкорчулугу (көзөмөлчүлүгү) алдында турган баланы тарбиялоонун ыкмаларын өз алдынча аныктоого укуктуу. Камкорчу (көзөмөлчү) баланын пикирин эске алуу менен, ал негизги жалпы билим алганга чейин билим берүү мекемесин жана баланы окутуунун формасын тандоо укугуна ээ жана баланын негизги жалпы билим алуусун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Камкорчу (көзөмөлчү) мыйзамдуу негиздерсиз баланы өзүндө кармап турган кандай болбосун адамдардан, анын ичинде баланын жакын туугандарынан сот боюнча камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган баланы кайтарып алууну талап кылууга укуктуу.

3. Камкорчу (көзөмөлчү) мындай карым-катнаш баланын таламдарына жооп бербеген учурларды кошпогондо, баланын анын ата-энелери жана башка жакын туугандары менен карам-катнашына тоскоолдук кылууга укуксуз.

4. Камкорчунун (көзөмөлчүнүн) жарандык укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 71-73-статьяларында аныкталат.

5. Камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган балага карата камкорчулук (көзөмөлчүлүк) боюнча милдеттер камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан акысыз аткарылат.

Камкорчуга (көзөмөлчүгө) ай сайын баланы багууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жана өлчөмдө акчалай каражаттар төлөнөт.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-73)
