# 71-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган балдардын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700#diff=1208807..1208808>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 71-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-71

---

1. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана ушуга окшош мекемелерде турган балдар менчигинин формасына карабастан төмөнкү укуктарга ээ:

1) багууга, тарбиялоого, билим берүүгө, ар тараптуу өнүгүүгө, алардын адамдык ар-намысын сыйлоого, алардын таламдарын камсыз кылууга;

2) 18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебине которулуучу аларга тиешелүү алименттерге, пенсияларга, жөлөкпулдарга жана башка социалдык төлөмдөргө;

3) турак-жайга менчик укугун же турак-жайды пайдалануу укугун сактоого, ал эми турак-жай болбогондо турак-жай мыйзамдарына ылайык турак жай алууга укуктуу;

4) көрсөтүлгөн мекемелерде болуусу аяктагандыгы боюнча эмгекке жайлаштырууда эмгек жөнүндө мыйзамдарда каралган жеңилдиктерге.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде турган балдар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 60-62-статьяларында каралган укуктарга ээ.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-72)
