# 70-берене. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдардын укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 70-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-70

---

1. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдар төмөнкү укуктарга ээ:

1) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 71-статьясында каралган учурларды кошпогондо, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) үй-бүлөсүндө тарбияланууга, камкорчу тарабынан камкордукка алынууга, аны менен чогуу жашоого;

2) аларга багуу, тарбиялоо, билим берүү, ар тараптуу өнүгүү үчүн шарттарды камсыз кылууга жана алардын адамдык ар-намысын сыйлоого;

3) аларга тиешелүү алименттерге, пенсияларга, жөлөкпулдарга жана башка социалдык төлөмдөргө;

4) турак-жайга менчик укугун же турак-жайдын пайдалануу укугун сактоого, ал эми турак-жайы болбогондо турак-жай мыйзамдарына ылайык турак-жай алууга укуктуу;

5) Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 61-статьясына ылайык камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан кыянат пайдаланууларынан коргоого.

2. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдар Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 60 жана 62-статьяларында каралган укуктарга да ээ.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-71)
