# 7-берене. Баланын үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу укуктарынын негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 7-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-7

---

1. Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу. Үй-бүлөдө тарбиялоо артыкчылыктуу жана баланын таламдарына ылайыктуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана токтотулушу мүмкүн.

2. Бала ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан камкордукка алынууга, туугандары менен мамиле кылууга, анын таламдарынын корголушуна, ар тараптуу өнүгүүгө, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

3. Эгерде бул баланын таламдарына, анын нормалдуу өнүгүшүнө карама-каршы келбесе, ата-энелеринен же алардын биринен бөлөк жашаган бала алар менен жана башка туугандары менен тоскоолдуксуз мамиле кылууга, алар жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-8)
