# 69-берене. Тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган балдарга камкорчулук (көзөмөлчүлүк)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 69-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-69

---

1. Тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана башка ушуга окшогон мекемелерде турган балдарга менчигинин түрүнө карабастан камкорчулар (көзөмөлчүлөр) дайындалбайт. Алардын милдеттерин аткаруу ушул мекемелердин жетекчилерине жүктөлөт.

Камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан баланы ушундай мекемеге убактылуу жайгаштыруу камкорчунун (көзөмөлчүнүн) ал балага карата укуктарын жана милдеттерин токтотпойт.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде турган балдарды багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн шарттарына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн укуктарын коргоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-70)
