# 68-берене. Балдардын камкорчулары (көзөмөлчүлөрү)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 68-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-68

---

1. Жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адамдар гана балдардын камкорчусу (көзөмөлчүсү) болуп дайындалышы мүмкүн. Камкорчу менен баланын ортосундагы курак айырмасы 16 жаштан кем болушу мүмкүн эмес.

2. Балага камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоодо камкорчунун (көзөмөлчүнүн) адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттары, анын камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдетин аткарууга жөндөмдүүлүгү, камкорчулар (көзөмөлчүлөр) менен баланын ортосундагы мамилелер, балага карата камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле, эгерде бул мүмкүн болсо, баланын өзүнүн каалоосу эске алынат.

3. "Оюн азгырыгы" менен жабыркаган же кумар оюндарына көз каранды адамдар, камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) милдеттерин аткаруудан четтетилген адамдар, ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелик укуктарынан ажыратылган адамдар, эгерде асырап алуу алардын күнөөсү боюнча жокко чыгарылса, мурдагы асырап алуучулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмегине ылайык ден соолугунун абалы боюнча баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин жүзөгө ашыра албаган адамдар камкорчу (көзөмөлчү) болуп дайындалбайт.

Балага камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү ал эрезеге жеткенге чейин белгиленген тартипте жүзөгө ашырып келген багуучу үй-бүлө камкорчулар (көзөмөлчүлөр) катары тандалып алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-69)
