# 67-берене. Камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленүүчү балдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 67-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-67

---

1. Аларды багуу, тарбиялоо жана билим берүү, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын коргоо максаттарында ата-энелеринин камкорчулугусуз калган (ушул Кодекстин 40-беренеси) балдардын үстүнөн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленет.

2. Камкорчулук 14 жашка чыга элек балдардын үстүнөн белгиленет.

3. Көзөмөлчүлүк 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдардын үстүнөн белгиленет.

4. Камкорчунун милдеттерин жүзөгө ашырган адам камкорчулукка алынган 14 жашка чыкканда өзгөчө дайындоосуз жашы жетпегендин көзөмөлчүсү болуп калат жана ага көзөмөлчүнүн бардык укуктары жана милдеттери өтөт.

5. Балдардын үстүнөн камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жана токтотуу ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-68)
