# 64-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгаруунун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 64-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-64

---

1. Баланы асырап алуу сот тарабынан жокко чыгарылганда, асырап алынган баланын жана баланы асырап алуучулардын (асырап алуучулардын туугандарынын) өз ара укуктары жана милдеттери токтотулат жана эгерде муну баланын таламдары талап кылса, баланын жана анын ата-энелеринин (анын туугандарынын) өз ара укуктары жана милдеттери калыбына келтирилет.

2. Асырап алуу жокко чыгарылганда бала соттун чечими боюнча ата-энесине берилет. Ата-энелери жок болгондо, ошондой эле баланы ата-энесине берүү анын таламдарына карама-каршы келсе, бала балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлчүлүгүнө берилет.

3. Сот ошондой эле анын асырап алынуусуна байланыштуу ага берилген ысым, атасынын аты жана фамилиясы балада сакталып кала турганы боюнча маселени да чечет.

10 жашка чыккан баланын ысымын, атасынын атын жана фамилиясын өзгөртүү анын макулдугу менен гана болушу мүмкүн.

4. Сот баланын таламдарынан улам мурдагы асырап алуучуларды Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86 жана 88-статьяларында белгиленген өлчөмдөгү баланы багууга каражаттарды төлөөгө милдеттендирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-65)
