# 61-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 61-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-61

---

1. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө иш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Асырап алуу баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

Сот баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндүн ичинде, соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн асырап алуунун мамлекеттик каттоо жери боюнча жарандык абалды жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-62)
