# 60-берене. Баланы асырап алуунун сыры

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 60-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-60

---

1. Баланы асырап алуунун сыры мыйзам менен корголот.

Баланы асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же асырап алууну мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле асырап алуу жөнүндө башкача жолдор менен кабардар болгон адамдар баланы асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-61)
