# 6-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 6-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-6

---

1. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоону толук баалуу камсыз кылууга;

2) турмуштук оор абалда турган балдарды коргоону талаптагыдай камсыз кылууга;

3) ата-энелерде алардын төрөлүшү үчүн жоопкерчиликтүүлүк сезимин тарбиялоо жолу менен, жарандардын дени сак, тилеген балдардын төрөлүшүнө карата аң-сезимдүү мамилелерин калыптандырууга;

4) гендердик теңчиликтин принциптерин сактоого;

5) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;

6) балдардын дене-тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын, таламдарын камсыз кылуу жана коргоо мамлекеттик саясаттын жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу өңүттөрдүн бири болуп саналат.

3. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-7)
