# 58-берене. Баланы асырап алуунун укуктук кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 58-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-58

---

1. Асырап алынган балдар жана алардын тукуму асырап алуучуларга жана алардын туугандарына карата, ал эми асырап алуучулар жана алардын туугандары асырап алынган балдарга жана алардын тукумуна карата жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарда жана милдеттерде теги боюнча туугандарга теңештирилет.

2. Асырап алынган балдар жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарын жоготушат жана өзүнүн ата-энелерине (өзүнүн туугандарына) карата милдеттерден бошотулат.

3. Бала бир адам тарабынан асырап алынганда эгерде асырап алуучу эркек болсо - энесинин каалоосу боюнча, же эгерде асырап алуучу аял болсо - атасынын каалоосу боюнча жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары жана милдеттери сакталышы мүмкүн.

4. Эгерде асырап алынган баланын ата-энесинин бирөө каза болсо, эгерде муну баланын таламдары талап кылса, анда каза болгон ата-эненин ата-энелеринин (баланын чоң атасынын же чоң энесинин) өтүнүчү боюнча каза болгон ата-эненин туугандарына карата жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары жана милдеттери сакталышы мүмкүн. Каза болгон ата-эненин туугандарынын асырап алынган бала менен карым-катнашка укугу Үй-бүлө Кодексинин 72-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Асырап алынган баланын ата-энелеринин бири менен же каза болгон ата-энесинин туугандары менен мамилелеринин сактоосу жөнүндө баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

6. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган баланы асырап алуунун укуктук кесепеттери, бул баланын төрөлгөндүгү жөнүндө актылык жазууда асырап алуучулардын ата-энелер катары жазылган-жазылбаганына карабастан келип чыгат.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-59)
