# 56-берене. Асырап алынган баланын туулган күнүн жана жерин өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 56-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-56

---

1. Асырап алуунун сырын сактоону камсыз кылуу үчүн асырап алуучунун өтүнүчү боюнча, асырап алынган баланын туулган күнү, бирок 3 айдан көп эмес, ошондой эле анын туулган жери өзгөртүлүшү мүмкүн.

Асырап алынган баланын туулган күнүн өзгөртүүгө бир жашка чейинки курактагы баланы асырап алууда гана жол берилет.

2. Асырап алынган баланын туулган күнүн жана (же) жерин өзгөртүү тууралуу аны асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-57)
