# 55-берене. Асырап алынган баланын ысымы, атасынын аты жана фамилиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 55-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-55

---

1. Асырап алынган балага анын ысымы, атасынын аты жана фамилиясы сакталып калат.

2. Асырап алуучунун өтүнүчү боюнча асырап алынган балага асырап алуучунун фамилиясы, ошондой эле ал көрсөткөн ысым берилет. Эгерде асырап алуучу эркек болсо, асырап алынган баланын атасынын аты асырап алуучунун ысымы боюнча, ал эми бала аял тарабынан асырап алынганда - ал асырап алынган баланын атасы катары көрсөткөн адамдын ысымы боюнча аныкталат. Эгерде асырап алуучулардын - жубайлардын фамилиялары ар башка болсо, асырап алуучулардын - жубайлардын макулдугу боюнча асырап алынган балага алардын биринин фамилиясы берилет.

3. Баланы никеде турбаган адам асырап алганда, анын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын атасынын (энесинин) фамилиясы, ысымы жана атасынын аты туулгандарды жазуу китебине ошол адамдын (асырап алуучунун) көрсөтмөсү боюнча жазылат.

4. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, 10 жашка чыккан асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүү анын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу аны асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-56)
