# 52-берене. Камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн), багуучу ата-энелердин, ата-энелердин көзөмөлчүлүгүсүэ калган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 52-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-52

---

балдар турган мекемелердин жетекчилеринин балдарды асырап алууга макулдугу

1. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдарды асырап алуу үчүн алардын камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Багуучу үй-бүлөлөрдө турган балдарды асырап алуу үчүн багуучу ата-энелердин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана ушуга окшогон башка мекемелерде турган балдарды асырап алуу үчүн ушул мекемелердин жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

2. Сот баланын таламдарында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын макулдугусуз аны асырап алуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-53)
