# 50-берене. Ата-энелеринин баланы асырап алууга макулдугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 50-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-50

---

1. Баланы асырап алуу үчүн анын ата-энелеринин макулдугу зарыл. Курагы 16 жашка толо элек жашы жетпеген ата-энелердин баласын асырап алууда, алардын ата-энелеринин же камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрүнүн) да макулдугу, ал эми ата-энелери же камкорчулары (көзөмөлчүлөрү) жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу зарыл.

Ата-энелердин баланы асырап алууга макулдугу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала турган мекеменин жетекчиси тарабынан, же болбосо баланы асырап алуу өндүрүшүнүн орду боюнча же ата-энелердин жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызда көрсөтүлүшү керек.

2. Ата-энелер баланы асырап алууга өздөрү берген макулдугун аны асырап алуу жөнүндө сот чечим чыгарганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу.

3. Ата-энелер адамдын же болбосо дайындуу адамды көрсөтпөстөн баланы асырап алуусуна макулдук бере алышат. Ата-энелердин баланы асырап алууга макулдугу ал төрөлгөндөн кийин гана берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-51)
