Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Ушул Кодексте колдонулган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 1-глава
Ушул Кодексте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: жашы жетпегендер - 18 жаш куракка чыга элек бала; турмуштук оор кырдаалда турган балдар - ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мыйзам менен чатагы бар, зомбулуктун жана кылмыштын курмандыгы болуп саналган балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар, иштеген балдар, көзөмөлсүз балдар, кароосуз балдар, түзүлгөн жагдайлардын натыйжасында турмуш-тиричилиги объективдүү бузулган, чыр-чатактар жана өзгөчө кырдаалдар чөлкөмдөрүндөгү балдар, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларды өз алдынча же үй-бүлөнүн жардамы менен жеңип өтө албаган балдар; турмуштук оор кырдаал - жарандын турмуш-тиричилигин объективдүү бузуучу (майыптык, улгайган жаш курагына же ооруусуна байланыштуу өзүнө өзү тейлөөгө жарамсыздык, жетимдик, көзөмөлсүздүк, аз камсыз болгондук, жумушсуздук, белгилүү бир жашаган жердин жоктугу, чыр-чатактар жана үй-бүлөдөгү катаал мамиле, жалгыздык ж.б.) кырдаал, ошондой эле бул кырдаалды өз алдынча жеңүүгө жөндөмсүздүгү менен байланышкан анын адеп-ахлактык-психологиялык абалы; көзөмөлсүз бала - мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан аны багуу, тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарылбаганынын же болбосо талаптагыдай аткарылбаганынын же аткаруудан качууларынын кесепетинен анын жүрүм-турумуна көзөмөл болбой калган бала; кароосуз бала - туруктуу жашаган жана (же) турган жери жок, көзөмөлсүз бала; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - ооруулар, функциялык дене-бойлук жана (же) психикалык кемчилдиктердин натыйжасында жашап-иштөөнүн чектелүүсүнө алып келүүчү жана аларды социалдык коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу мертинүүлөрдүн же мандемдердин кесепеттери менен шартталган ден соолугунун функционалдык бузулуулары бар балдар; ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар - алардын өлүмүнө байланыштуу, жалгыз же ата-энесинин экөөнүн тең ата-энелик камкордугунан ажыраган, ошондой эле эгерде ата-энелери белгисиз (жетим балдар), аларды ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же алардын ата-энелик укуктары чектелгенине, ата-энелерин дайынсыз жоголду, жөндөмсүз (чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алардын дарылоо мекемелеринде жүргөнүнө, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жатканына, алардын камакта кармоо жайларында отурганына, ата-энелеринин балдарын тарбиялоо, алардын укуктарын жана таламдарын коргоодо ата-энелеринин дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ага окшогон мекемелерден алуудан баш тартуусуна байланыштуу, жана мыйзамда белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган деп таанылган башка учурлардагы 18 жашка чейинки курактагы адамдар; жетим балдар - ата-энелеринин экөө тең өлгөн же бирөө гана бар же болбосо ата-энелери белгисиз, 18 жаш куракка чейинки адамдар; үй-бүлөнү жана баланы коштоо - турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бардык социалдык иштерди жана чараларды координациялоону жүзөгө ашыруу; турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо - турмуштук оор кырдаалда турган балдарды орноштурууга, социалдык колдоого, социалдык көнүктүрүүгө жана реабилитациялоого багытталган социалдык-экономикалык, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-укуктук жана башка мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплекси; мыйзам менен чатагы бар балдар - кылмыштарды жасоого шектүү, айыпталуучу, кылмыш жасаганы үчүн соттолуучу, соттолгон болуп саналган балдар, ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча аларга карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан, мыйзамда белгиленген тартипте администрациялык укук бузууга күнөөлүү деп таанылган балдар; сот адилеттигинен алагды кылуу боюнча программа - бул кайталап укук бузууну болтурбоо максатында баланы реабилитациялоого жана социалдык реинтеграциялоого көмөктөшүүгө багытталган, жашы жетпегендерге карата соттук жол-жоболорду козгоону алдын алуу боюнча программа; балдар үчүн юстиция - бул мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле алардын жыныстык бойго жеткенин, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, тартип бузууларды, сот адилеттигин ишке ашырууну, социалдык реабилитациялоону жана интеграциялоону алдыга алуу маселелерин өзүнө камтыган жазык иштери боюнча жабыр тарткан жана күбө болгон балдарга карата иш-чаралардын тутуму; ювеналдык юстиция - бул мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жыныстык бойго жеткенин, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тартип бузууларды, сот адилеттигин ишке ашырууну, социалдык реабилитациялоону жана интеграциялоону алдын алуу маселелерин өзүнө камтыган жазык иштери боюнча балдарга карата иш-чаралардын тутуму; балдар эмгегинин эң начар формалары - балдар эмгегинин төмөнкүлөрдү камтыган формалары: кулчулуктун бардык формалары же кулчулукка окшош тажрыйба, мисалы, балдарды сатуу жана аларды соодалоо, карыздык зомбулук жана кулдук көз карандуулук, ошондой эле мажбурлаган же милдеттүү эмгек, анын ичинде балдарды куралдуу жаңжалдарда пайдалануу үчүн мажбурлап же милдеттүү азгыруу; сойкулук менен алектенүү, порнографиялык продукцияларды өндүрүү же порнографиялык көрсөтүүлөр үчүн баланы пайдалануу, азгыруу же сунуш кылуу; укукка каршы келген иш менен алектенүү үчүн, атап айтканда тиешелүү эл аралык келишимдерде аныкталгандай баңги заттарды өндүрүү жана сатуу үчүн баланы пайдалануу, азгыруу же сунуш кылуу; анын аткарылып жаткан мүнөзү же шарттары боюнча баланын ден соолугуна, коопсуздугуна же адебине зыян келтириши мүмкүн болгон иштер; балага ырайымсыз мамиле жасоо (зомбулук) - бул балага карата анын дене-бойлук же психикалык өнүгүшүн бузуучу же коркунуч келтирүүчү бардык аракеттер; үй-бүлө - никеден, туугандыктан, асырап алуудан же баланы тарбиялоого кабыл алуунун башка формасынан келип чыккан жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөктөшүүгө чакырылган, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын тобу; мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелери, асырап алгандар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар, алар жокто - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери; баланын эң мыкты таламдары - бул:
- аларды мыйзамда бекемдөө менен баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;
- балдарды расасынын, өңү-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же башка ынанымдарынын, улуттук, этностук же социалдык тегинин белгилери боюнча, мүлктүк абалынын, ден соолугунун абалынын же кандайдыр бир гана башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги;
- аны коргоону жана кам көрүүнү биринчи кезекте камсыз кылуу;
- коомдун тең укуктуу мүчөсү катары баланын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо жана камсыз кылуу;
- балага тиешелүү болгон чечимдерди кабыл алууда аны милдеттүү түрдө эске алуу менен, баланын өз оюн билдирүү укугун камсыз кылуу;
- баланы зомбулуктун бардык формаларынан коргоону камсыз кылуу;
- баланы толук баалуу тарбиялоону, анын укугун жана таламдарын коргоону, аны коомдо толук кандуу жашоого даярдоону камсыз кылуу максатында үй-бүлөнү мамлекеттик колдоо;
- балдардын укуктарына жана өзгөчө муктаждыктарына ата-энелердин, алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун кабардарлыгын жана сезимталдыгын жогорулатуу;
- баланы коргоо боюнча кызматтарды борбордон оолактатуу, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин ортосунда өнөктөштүктү камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузганы, ага зыян келтиргени үчүн жоопкерчилиги;
- аны коргоо боюнча чараларды көрсөтүүдө баланын этностук, диний жана маданий тегин эске алуу менен балага камкорчулуктун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
- мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо;
- баланын талаптагыдай өсүшүн камсыз кылуудагы ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу жактардын милдеттери.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 4 ноября 2022 года № 23 О судебной практике по гражданским делам, связанным с рассмотрением споров, вытекающих из…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 04.11.2022 · № 23Пункттар: п. 19
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 4 ноября 2022 года № 23 О судебной практике по гражданским делам, связанным с рассмотрением споров, вытекающих из…Постановление Пленума Верховного суда · 04.11.2022 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>