# 49-берене. Асырап алуучунун жаш курагы жана асырап алуучу менен асырап алынуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 49-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-49

---

1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланы камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-июнундагы N 03-р чечими

2. Никеге турбаган асырап алуучу менен асырап алынуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмасы 16 жаштан кем болбоосу тийиш. Сот тарабынан олуттуу деп таанылган себептер боюнча жаш курак айырмасы кыскартылышы мүмкүн.

3. Баланы өгөй ата (өгөй эне) асырап алган учурларда, ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген жаш курак айырмасынын болушу талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-50)
