# 47-берене. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштердин жол берилбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 47-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-47

---

1. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштерге, башкача айтканда, балдарды асырап алууну каалаган адамдардын атынан жана кызыкчылыктарынан балдарды асырап алууга тандоо жана берүү максаттарындагы башка адамдардын кандай болбосун иштерине жол берилбейт.

2. Балдарды коргоо боюнча адистешкен органдардын жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды табуу жана жайлаштыруу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын иштери, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан чет мамлекеттер тарабынан атайын ыйгарым укук берилген органдардын же балдарды асырап алуу боюнча уюмдардын иштери балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иш болуп саналбайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар өз иштеринде коммерциялык максаттарды көздөй алышпайт.

Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарынын жана уюмдарынын ишинин тартиби жана анын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөнүн тартиби тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Баланы асырап алууну каалаган адамдардын асырап алуу процессине милдеттүү жеке катышуусу алардын ошол эле убакта укуктары жана милдеттери жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген өз өкүлүнө ээ болуу, ошондой эле зарыл учурларда котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугунан ажыратпайт.

4. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик мыйзамдарда белгиленет.

5. Асырап алууну ишеним кат боюнча жол-жоболоштуруу жол-жобосуна жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-48)
