# 45-берене. Баланы асырап алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112067)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700#diff=1208809..1208810>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 45-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-45

---

1. Баланы асырап алууну каалаганы жөнүндө арыз асырап алуучунун жашаган жери же асырап алынуучунун турган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы асырап алууну каалаган адамдын турмуш-тиричилик шарттарын изилдөөгө, асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жок экенин, асырап алуу баланын таламдарына жооп берээрин текшерүүгө, баланын асырап алуучуга мамилесин аныктоого, асырап алуучуга зарыл документтерди чогултууга көмөк көрсөтүүгө материалдарды өзүнүн корутундусу менен соттун кароосуна берүүгө милдеттүү.

2. Баланы асырап алуу жөнүндө материалдар тиешелүү чечим чыгаруу менен үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен сот тарабынан жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралышы керек.

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби, ошондой эле асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Асырап алуучунун жана асырап алынган баланын ушул Кодекстин 58-беренесинде каралган укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин келип чыгат.

Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен сот ушул чечимдин көчүрмөсүн баланын төрөлгөнү мамлекеттик каттоодон өткөн жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жиберет. (Абзац КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-46)
