# 43-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жайлаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 43-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-43

---

1. Ата-энелеринин көзөмөлүгүсүз калган балдар үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багуучу үй-бүлөгө), ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр жок болгондо - жетим балдардын же ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана ушуга окшогон башка мекемелер) мекемелерге өткөрүп берилүүгө жатат.

Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жайлаштыруунун башка формалары мыйзамдарда каралышы мүмкүн. Баланы жайлаштырууда анын этностук теги, белгилүү динге жана маданиятка таандыгы, эне тили, тарбиялоодо жана билим берүүдө улануучулукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү эске алынуусу тийиш.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үй-бүлөгө же мекемелерге жайлаштырууга чейин балдардын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) милдеттерин аткаруу убактылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

3. Балдарды жайлаштырууда бул алардын таламдарына жооп берген учурларды кошпогондо, ага-инилерди, эже-сиңдилерди бөлүүгө жол берилбейт.

4. 10 жаш куракка толгон балдарды жайлаштыруу (асырап алууга, камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багуучу үй-бүлөгө) алардын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-44)
